• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

УКМК: Эсептөө палатасынын аудитору менен мамлекеттик инспектору коррупция фактысы боюнча кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12-июнь /Кабар/. Коррупция фактысы боюнча эсептөө палатасынын аудитору жана мамлекеттик инспектору кармалды. Бул туурасында УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой УКМК, эсептөө палатасынын аудитору мамлекеттик инспектор менен биргеликте, туруктуу схема аркылуу айрым аудит мекемелеринен мыйзамсыз акча алып жүргөнүн аныктаган.

Болжолдуу түрдө чогулган материалдарга ылайык, Эсептөө палатасынын “Э.Э” аттуу аудиторуна жана башка тиешеси барларга учурда Кылмыш кодексинин 303-беренесинин негизинде кылмыш иши ачылган.

Жүргүзүлгөн аракеттердин натыйжасында, мамлекеттик инспекторлор мыйзамсыз жол менен текшерилүүчү обьекттердин өкүлдөрүнөн көп суммадагы акча алып, анын негизги бөлүгү аудитор “Э.Э” ге бирилип келген.

2017-жылдын 9-июнунда инспектор «К.У» жана “Э.Э” өзүнүн кабинетинде көп суммадагы каражат алып жаткан жеринен кармалган.

Учурда «Э.Э» жана «К.У» УКМКнын убактылуу кармоочу жайына жеткирилген.

Ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий