• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: Эсептөө палатасынын аудитору жана инспектору коррупция фактысы боюнча кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Эсептөө палатасынын аудитору жана инспектору коррупция фактысы боюнча кармалды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан коррупцияга бөгөт коюу жана алдын алуу, анын ичинде контролдук-текшерүү функциялары бар мамлекеттик органдардагы коррупцияны аныктоого, бөгөт коюуга жана алдын алууга багытталган системалуу иштерди улантууда.

Улуттук коопсуздук органдары тарабынан акцияларынын 100 пайызы мамлекетке тиешелүү болгон "Эйр Кыргызстан" ААКсында өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген коррупциялык фактылар аныкталды.

Ошол эле учурда КРнын Эсептөө палатасынын айрым кызмат адамдары аталган авиакомпаниянын жетекчилиги менен жең учунан сүйлөшүп алышып, пландуу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекетке 3 млн 160 миң 903 доллар өлчөмүндө зыян келтирилгендигин атайылап жашырышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган күнөөнүн төгүндөлгүс далилдерин эске алып, Эсептөө палатасынын аудитору “С.З.” жана инспектору “О. Ж.” Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралды.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча ишке катышкан башка жактарга да юридикалык баа берилип, алардын белгиленген кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги тергөө учурунда далилденмекчи.

Пикир

Оставить комментарий