• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

УКМК: Фарид Ниязов кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.10.20. /Кабар/. Массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы боюнча Фарид Ниязов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдиришти.

УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында 10-октябрда массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы боюнча Алмазбек Атамбаев, Канат Сагымбаев жана Дамир Мусакеев да кармалган.

Учурда ведомстволор аралык тергөө-ыкчам тобу аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоого жана камакка алууга багытталган иш-чараларды улантууда.

Пикир

Оставить комментарий