• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

УКМК: Исаевге карата баш коргоо чарасы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.10.17. /Кабар/. Депутат Канат Исаев козголгон тергөө иши аягына чыккыча камакта болот. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, 2017-жылдын 2-октябрында депутат Канат Исаевге карата массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деп айыптап, Кылмыш жаза кодексинин 27 (кылмышка даярдык көрүү), 233 (массалык башаламандык) жана (бийликти басып алуу же күчтөп кармап туруу) беренелери боюнча айып тагылган. Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун токтому боюнча козголгон кылмыш иши тергелип бүткүчө Исаевди камакка алуу чечими кабыл алынды.

Учурда иликтөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий