• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК Исаковду үчүнчү жолу суракка алат

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.05.18. /Кабар/. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду УКМК экинчи жолу суракка алган жана аны бүгүн кайрадан саат 14:30га чакырышкан. Бул тууралуу Исаков өзү журналисттерге билдирди.

Исаков тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу суракка алуунун себебин айткан жок.

“Ачыгын айтканда тергөө конкреттүү түрдө өттү. Тактап жатышат”,-деп билдирип, кайрадан УКМКга саат 14:30да барарын кошумчалады.

Эске сала кетсек, Исаков УКМКга "Бишкек ТЭЦин модернизациялоо" долбоорунун алкагында козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары чакырылган.

Пикир

Оставить комментарий