• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

УКМК: Исаковдун бир нече коррупциялык иштерге катыштыгы бар экендигин далилдеген материалдар бар

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. Мурунку премьер-министр Сапар Исаков коррупциялык иштерге катыштыгы бар экендигин далилдеген материалдар бар. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитенинен кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын ЖЭБдеги авария боюнча козголгон бир катар кылмыш иштеринин алкагында С.Исаков дагы фигурант катары камалган. Былтыркы жылы кыштын кыраан чилдесинде Бишкектеги ЖЭБ авариясынын кесепетин миңдеген шаар тургундары жон териси менен сезишти.

Учурда кылмыш ишин тергөө мыйзам чегинде болуп, бардык чечимдер сот органдары тарабынан мыйзамдуу түрдө кабыл алынууда. Ошол эле учурда белгилей кетсек, тергөө иштеринин алкагында С.Исаковдун коррупциялык иштерге катыштыгы бар экендигин далилдеген материалдар алынды. Аны менен катар анын башка да долбоорлордо мыйзамсыз иш аракеттерди жасагандыгы боюнча далилдер бар. Бул фактылар боюнча да териштирүүлөр жүрүп жатат.

“Ар бир адам мыйзам чегинде пикирин билдирүүгө укугу бар. Бирок, ошол эле учурда жоопкерчиликти сезе билүү керек. Өзүнүн мыйзамсыз иштери боюнча күнөөсүн билген соң, С.Исаков коомчулуктун көңүлүн башка нукка буруп, өзүн саясий куугунтукка кабылган адам катары сыпаттоо максатында, актануу сөздөрүн айтууда”, - деп билдиришти УКМКдан.

Ошондой эле УКМКда белгилешкендей, С.Исаковго карата козголгон кылмыш ишинин материалдары жалпы коомчулукка маалым жана тергөөнүн жүрүшүндө эч кандай кысымдар болгон жок. Ар бир жараянга анын жактоочулары да катышып, материалдар менен таанышууда. Ал эми тергөөнүн жыйынтыгында материалдар тиешелүү чечим кабыл алуу максатында башкы прокуратурага, андан ары сот органдарына жиберилет.

Эске сала кетсек, соттун отурумунда Сапар Исаков өзүнүн КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан саясий куугунтука кабылгандыгын айткан.

“Менин күнөөм жок, баардыгы аны билет. Бул бир гана саясий оюндар”, - деген ал.

Пикир

Оставить комментарий