• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

УКМК: Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу фактысы боюнча «Тазалыктын» 3 кызматкери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 3 кызматкери кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 8-февралында УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында, «Тазалык» ишканасынын башкы бухгалтери А.О., операторлор А.М. жана Б.Н. кармалды.

«2019-жылы «Тазалык» муниципалдык ишканасы 84 млн сомдон ашык суммага майлоочу жана күйүүчү каражаттары талон түрүндө сатылып алынып, материалдык жооптуу кызматкерлерге берилгендиги аныкталган. Бирок, аталган ишкананын башкы бухгалтери операторлор менен биргеликте Бишкек шаарынын ичинде жумуш алып барууга багытталган күйүүчү май талондорун ыйгарып алып, короткон», - деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталган.

Сот органдары тарабынан кармалган адамдарга 2 айга үй камагына алуу баш коргоо чарасы каралган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий