• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: Ишкерден акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. Ишкерден акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды, - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, КР УКМК Бишкек шаарындагы ресторандардын биринин ээсинен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан 20 миң АКШ долларын пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштү териштирип жатат.

Бул факт боюнча 2021-жылдын май айында 10 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү «И.Р.М.» жана «М.Р.А.» кармалган.

2021-жылдын 24-июлунда ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Бостери айылдагы конок үйлөрүнүн биринде бул кылмыштын башкы уюштуруучусу "Б.М.М." кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий