• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

УКМК: Ишкердин унаасын тартып алып, 20 миң доллар талап кылган УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. УКМК 18-майда акчаны опузалап алып жаткан учурда 32 жаштагы Б.К.Н., аттуу уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) активдүү мүчөсүн кармады.

УКМКдан кабарлашкандай, 20-мартта уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү К.А.А., А.Д., А.М., М.М., жана К.Б., Е.Д.А., аттуу жеке ишкерге (Казакстандын жараны) таандык “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаасын күч колдонуу менен өздөрүнө каттатып алышкан.

Мындан тышкары, жогорудагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Е.Д.А., аттуу ишкерден 20 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылып, ар кандай жол менен коркутуп жүрүшкөн.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө мурда талап кылган акча каражатынын бир бөлүгүн, тагыраагы 300 миң сомду алып жаткан учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Б.К.Н., кармалды.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (“Опузалап талап кылуу”) боюнча катталып, кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий