• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

УКМК издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жаранын кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.06.23. /Кабар/. Издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны кармалды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, КР УКМК тарабынан КР ИИМ Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1992-жылы туулган К.А.Г. аттуу чет мамлекеттин жараны кармалды.

К.А.Г. “Экстремисттик коомчулукту уюштурууга” катышкандыгы үчүн чет мамлекеттин аймагында издөөдө жүргөн, ал Кыргызстандын аймагында айыптоодон жашырынып жүргөн.

Көрүлгөн чаралардын негизинде КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 97-беренесине ылайык К.А.Г. КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда УКМК тарабынан К.Г.А. аттуу жаранды Кыргызстандын аймагында жашырууга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий