• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Издөөдө жүргөн эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.11.19. /Кабар/. Издөөдө жүргөн эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды, - деп кабарлайт КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, үстүбүздөгү жылдын октябрь айында “Жалданмачылык” беренеси боюнча издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун 1995-жылкы Х.М., аттуу тургуну кармалган.

"Кармалган адам 2015-жылы Сирияга кетип, диверсиялык-террористтик атайын даярдыктан өтүп, Сирия өкмөтүнө каршы согушка катышкан. Кылмыштуу максаттарын жашыруу үчүн КМШ мамлекеттеринин биринде эмгек мигранты катары жашырынып жүргөн. Азыркы убакта колго түшкөн жаран Жалал-Абад шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп кабарлашты комитеттен.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий