• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: Издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 8-августунда КР УКМК 1993-жылдагы үй-бүлөлүк жана кылмыш иши боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер тууралуу Минск Конвенциясынын алкагында, Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан бир катар кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн, 1973-жылы туулган А.Б., аттуу Өзбекстандын жараны кармалды.

Билдирүүдө айтылгандай, кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ага карата баш коргоо чарасын тандоо жана Өзбекстан Республикасынын компетенттүү органдарына өткөрүп берүү маселелерин карап жатат.

Пикир

Оставить комментарий