• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

УКМК: Күч кызматкерлери жай тургундарга ок атышкан жок

Кырсык 0

Бишкек, 07.08.19. /Кабар/. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында атайын даярдыктагы күч кызматкерлери жай тургундарга ок атышканы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

УКМК кызматы жалган маалыматтарды тараткан адамдар КР мыйзамынын чегинде жоопкерчиликке тартыла тургандыгын эскертет.

"Атайын даярдыктагы жоокерлер желим окторду гана колдонуп жатышат, ал эми үй жактан аскердик октор атылууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий