• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: Күч органдарынын координатору Суваналиев РФ ФКК директору Бортников менен телефон аркылуу сүйлөштү

Коом 0

Бишкек, 07.10.20. /Кабар/. Бүгүн, 7-октябрда КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, күч жана укук коргоо органдарынын координатору, генерал-майор Өмүрбек Суваналиев КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын жана коопсуздук органдарынын жетекчилер кеңешинин төрагасы, РФ Федералдык коопсуздук кызматынын директору, армиянын генералы Александр Бортников менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандагы коомдук-саясий абал талкууланды. Ошондой эле улуттук коопсуздукту камсыздоо, терроризм жана экстремизм менен күрөшүү боюнча кызматташуу маселелери талкууланды. Бортниковдун айтымында, атайын кызматтардын биргелешкен иши өнөктөштүк келишимдеринин жана эл аралык келишимдердин алкагында уланат.

ФКК директору Бортников өлкөдөгү абалдын тезирээк турукташуусун каалап, Кыргызстандын күч жана укук коргоо органдары кырдаалды жана коомдук тартипти жөнгө салаарына ишеним билдирди.

Өз кезегинде Суваналиев, Бортниковго россиялык тараптан көрсөтүлгөн колдоо жана жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Маектешүү конструктивдүү жагдайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий