• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УКМК: "Кадастр" ишканасынын Сузактагы филиалынын директорунун орун басары кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Сузактагы филиалынын директорунун орун басары "С.З.Т." кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында, "Кадастр" ишканасынын Сузактагы филиалынын директорунун орун басары "С.З.Т." кармалды.

"Кадастр" МИ Сузактагы филиалынын кызматкерлери өзүнүн кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, суу коргоо зонасынын аймагында жайгашкан жер тилкесин "Калктуу конуш" категориясына которуу боюнча тиешелүү документтери, ошондой эле укукту аныктоочу документтери жок болгонуна карабастан берип жибергени аныкталган.

2021-жылдын 5-октябрында КР Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, "Кадастр" МИ Сузактагы филиалынын директорунун орун басары "С.З.Т." Жалал-Абад шаарынын ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган мыйзамсыз иш аракеттердин натыйжасында мамлекетке 1 миллион 21 миң 560 сом зыян келтирилген.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда

Пикир

Оставить комментарий