• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Камчы Асанбектин УКТ мүчөлөрүнө карата баш коргоо чарасы тандалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.05.23. /Кабар/. Кримтөбөл Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө карата баш коргоо чарасы тандалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКТнын кармалган мүчөлөрү - А.И., К.Т., А.К. жана А.Ш. тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Эске салсак, 2023-жылдын 23-майында УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин материалдарынын алкагында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында криминалдык лидер К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун 4 мүчөсүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлган. Алар көп жылдан бери ишкерлердин жана жарандардын Кытайдан экспорттогон товарларына мыйзамсыз ээлик кылып келишкен. Ошондой эле алар тарабынан Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн аймагында туруктуу кылмыштуу схема уюштурулган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогоруда аталган адамдар алдамчылык менен жеке менчик транспорттук-логистикалык ишканадан жалпы суммасы болжол менен 385 миң АКШ долларын түзгөн эл керектөөчү товарлары бар жүктү мыйзамсыз түрдө тартып алышкандыгы аныкталган.

Мындан тышкары, учурда УКМК тарабынан аталган кылмыш ишине Жазаларды аткаруу кызматынын жаза аткаруу мекемелеринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан соттолгон адамдардын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий