• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УКМК: Камчы Көлбаев №47 абакка которулду

Коом 0

Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. 2-ноябрь күнү ден соолугуна байланыштуу уюшкан кылмыштуу топтун лидери, “мыйзамдагы ууру” аталган Камчы Асанбек (Камчы Көлбаев) №47 абакка которулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКдан белгилешкендей, учурда ага карата Жазык кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгү (Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу) боюнча ачылган кылмыш иши тергелүүдө.

УКМК, жарандарды Көлбаев жакында кое берилет деген айың-кептерди таратпоого чакырат.

“Жакында өткөн маалымат жыйында КР Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, бийлик уюшкан кылмыштуу топ менен сүйлөшүп алып, жакында Камчы Асанбекти кое беришет деп билдирген. Ага байланыштуу Дүйшөбаевдин “ыкчам маалыматтары” туура болуп чыккан жок”, - деп билдирет УКМК.

Пикир

Оставить комментарий