• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

УКМК: Камчы Көлбаев жана анын жакын санаалаш 10 адамы кармалды — сүрөт

Укук тартиби 0


Бишкек, 18.11.22. /Кабар/. "Мыйзамдагы ууру" аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) жана анын жакын санаалаш 10 адамы кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМК Ысык-Көл облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, кыргыз-кытай чек арасына жакын жердеги (Жети-Өгүз району) “Булат-М” мергенчилик талаасынан кайтып келе жатканда “Карасай” чек ара пунктунан "мыйзамдагы ууру" деп аталган К. Асанбек жана анын жакын санаалаш 10 адамы кармалды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалгандар КРнын мамлекеттик органдарынан тиешелүү уруксаттары жок чек ара аймагында жүргөндүгү аныкталды. Бул боюнча Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык К.Асанбек жана анын жанындагыларга карата административдик камакка алуу боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында 8 даана ок атуучу курал (4 "Сайга" карабини жана 4 даана "ПМ" жана "Глок" үлгүсүндөгү тапанча) табылып алынган.

Ошентип, К. Асанбектин жана анын жакын санаалаштарынын иш-аракеттеринде КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 429-беренесин (Мамлекеттик чек ара режимин, чек арага жакын аймактардагы чек ара режимин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу) боюнча кылмыш белгилери көрүнгөн.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий