• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

УКМК Канат Сагымбаевдин кызматтан кетирилиши боюнча түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 20.09.19. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 9-кызматтын кызматкери Канат Сагымбаевдин кызматтан кетирилиши боюнча түшүндүрмө берди.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, өздүк коопсуздук кызматы Канат Сагымбаевге карата эки кызматтык иликтөө жүргүзгөн.

"Июль айында К.Сагымбаев, кайтаруудагы объект жок учурда жетекчиликтин кызматтык куралды тапшырып, атайын техниканы гаражга тапшыруу көрсөтмөсүн аткарбай койгон. Анын жыйынтыгында ага эскертүү (толук эмес кызматка ылайык келбегендик) берилген", - деп айтылат.

УКМКдан белгилешкендей, сентябрь айында кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, УКМКнын ички нускамасына карабай анын ММК өкүлдөрү менен байланышта болгон фактысы аныкталган.

"Жогорудагы кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен К. Сагымбаев "Кызматка ылайык келбегендик" беренеси боюнча улуттук коопсуздук органдарынан кетирилди", - деп билдиришти УКМКдан.

Пикир

Оставить комментарий