• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Кант шаарында коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Кант шаарында коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 27-мартында КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Чүй областынын Кант шаарынын тургуну, 1957-жылы туулган Квастиани Антонина Ивановна кармалды.

Такталган маалыматтар боюнча А.Квастиани социалдык тармактар аркылуу коронавирус боюнча жалган маалыматтарды тараткан.

А.Квастиани менен түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн соң, кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады. Анын мындай аракеттерине юридикалык баа берилет.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Эскерте кетсек, жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Пикир

Оставить комментарий