• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Каныбек Осмоналиевдин абалы канааттандырарлык, ал коронавируска анализ тапшырды

Коом 0

Бишкек, 24.06.20. /Кабар/. Каныбек Осмоналиевдин абалы канааттандырарлык, ал коронавируска анализ тапшырды. Бу тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКдан белгилешкендей, 23-июнь күнү шектүү К. Осмоналиев ден соолугунун начарлыгын айтып, ага тез жардам кызматы чакырылган.

“Учурда К. Осмоналиевдин абалы канааттандырарлык. Ага тиешелүү медициналык текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен дарылануудан өтүүдө. Ошондой эле К. Осмоналиев COVID-19га ПЦР-анализ тапшырды”, - деп айтылат маалыматта.

УКМКдан билдиришкендей, К.Осмоналиевдин адвокаттары тараткан Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери массалык түрдө коронавирус илдетин жугузуп алышы мүмкүн деген маалымат чындыкка дал келбейт.

“Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу тиешелүү медициналык текшерүүлөрдөн тынымсыз өтүп турушат”, - билдирет УКМК.

Пикир

Оставить комментарий