• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Кара-Көл шаардык милициясынын башчысы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык милициясынын башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 4-мартында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен ИИМдин Ички иликтөө кызматы биргеликте кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык ИИБ башчысы милициянын полковниги Н.А.А. кармады.

Такталгандай, кармалган Н.А.А. 2020-жылдын декабрында буга чейин Жалал-Абад облусунун ИИБ Жол кайгуул кызматы тарабынан кармалган, жасалма каттоо документтери менен 2019-жылы чыгарылган "Тойота Лэнд-Крузер 200" үлгүсүндөгү унааны Россиянын аймагынан Интерпол уурдап кеткен деп катталган" (автоунаанын-эгизин") кызыкдар адамдарга мыйзамсыз берген.

Кармалган адам Жалал-Абад шаардык ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий