• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: Кара-Көл шаарынын соту жана милиция кызматкери пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.10.19. /Кабар/. Кара-Көл шаардык сотунун соту менен милиция кызматкери пара алуу учурунда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

УКМКдан белгилешкендей, ушул жылдын 1-октябрында ИИМдин Ички иликтөө кызматына И.Ф., аттуу жаран кайрылган. Ал Кара-Көл шаарынын ИИБ жетекчисинин орун басары Б.М., Кара-Көл шаарынын соту Ы.П., менен биргеликте кылмыш ишинин оң өкүм чыгаруусу үчүн 100 миң сом пара талап кылганын айткан. Мындан тышкары ал, эркиндигинен ажыратпаган бөгөт чарасы каралышы үчүн сот органдарына 30 миң сом пара берүүгө аргасыз болгон.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренисинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту ("Опузалап пара талып кылуу") боюнча каттоого алынган.

Кечээ, 30-октябрь күнү талап кылынган паранын бир бөлүгүн – 20 миң сом акча алып жаткан жеринен Кара-Көл шаардык соту Ы.П., жана Кара-Көл шаарынын ИИБ жетекчисинин орун Б.М., кармалган.

Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий