• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

УКМК: Кара-Суу районунун “Кадастр” ишканасынын мурдагы жетекчиси кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси “Ш.С.” кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2021-жылдын 5-октябрында 2015-2018-жылдар аралыгында Кара-Суу районунун "Кадастр" МИ башчысы болуп иштеген жана бул кылмышка түздөн-түз тиешеси бар болуп "Ш.С." кармалган.

Кармалган жаранга кылмыш жасагандыгы жөнүндө билдирүү берилип, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мурда бул факт боюнча Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы “Н.Х.”, анын шериги “М.С.”, ошондой эле Кара-Суу районунун “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчисинин милдетин аткаруучу “Б.Б.” кармалган.

2021-жылдын 30-сентябрында бул адамдарга кылмыш жасагандыгы жөнүндө билдирүү берилип, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдардын бетин ачуу үчүн бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий