• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: Каракол шаардык кеңешинин депутаты жана Транспорт министрлигинин аймактык бөлүм башчысы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.03.21. /Кабар/. Кечээ, 5-мартта ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу боюнча Каракол шаардык кеңешинин депутаты жана КР Транспорт жана жол министрлигине караштуу жол чарба департаментинин аймактык бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттуук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Коррупцияга каршы кызматынын (ККК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 5-мартында КР УКМК ККК ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Каракол шаардык кеңешинин депутаты Ч.Т.Ч. жана КР Транспорт жана жол министрлигине караштуу жол чарба Департаментинин N-4 аймактык бөлүмүнүн башчысыК.К.У. кармалды.

Такталгандай, Каракол шаардык кеңешинин депутаты Ч.Т.Ч. 2015- жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде “Дорстройсервис” ЖЧКсынын негиздөөчүсү болгон учурунда, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, КР Транспорт жана жол министрлигине караштуу жол чарба департаментинин №4 аймактык бөлүмүнүн башчысы К.К.У. менен жең учунан сүйлөшүп алышып, аталган ЖЧК тарабынан Каракол шаарынын жол тармагын оңдоо иштеринин ашыкча көлөмүн аткаруу үчүн келишимдерди түзүшкөн.

Кармалган адамдар Каракол шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо жана ошондой эле аталган фактыларга башка кызмат адамдарынын тиешеси бардыгы боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий