• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УКМК: кезектеги массалык башаламандык даярдоо фактысы аныкталып, четтетилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.10.17 /Кабар/. КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы ыкчам-издөө чараларынын жүрүшүндө 2017-жылдын 15-октябрындагы шайлоодон кийин административдик имараттарды басып алуу менен коштолуучу массалык башаламандыктарга даярдануу фактысын аныкташты. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин мыйзамсыз курал-жарак сактаганы жана жардыргыч заттар менен ок-дарыларын алып жүргөнү үчүн соттолгон ЖКнын мурдагы депутаты К.Шайымбетов адамдардын тобу менен алдын ала сүйлөшүп алып, КР Президентин шайлоо учурунда жана андан кийин, талапкерлердин бири жеңилген шартта массалык башаламандыкка активдүү катышууга ниеттенген.

Кылмыштык ниеттерин ишке ашыруу максатында К.Шайымбетов жана анын тарапташтары акыркы күндөрү массалык башаламандыктар жана КР мамлекеттик органдарынын административдик имараттарын басып алууга курал жана ок-дарыларын издөө аракеттерин жүргүзүшкөн.

2017-жылдын 14-октябрында бул факты боюнча К.Шайымбетов жана башка адамдарга карата КР Кылмыш кодексинин 27-беренеси жана 233-беренесинин 1-бөлүгү (массалык башаламандыктарды өткөрүүгө даярдануу), 27-чи жана 295-берене (бийликти күч менен басып алууга даярдануу) жана 241-берененин 2-бөлүгү (курал-жарактарды, ок дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч жабдууларды мыйзамсыз сатып алуу, сактоо жана алып жүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалгандар КР УКМКга жеткирилди.

Учурда тергөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий