• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: “Хизб ут-Тахрир” уюмунун алты мүчөсү соттолду

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.07.22. /Кабар/. “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун алты мүчөсү соттолду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда Кызыл-Кыя шаардык сотунун өкүмү менен “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” ДЭУнун алты мүчөсү, тактап айтканда 1984-жылы туулган К.А.К., ё995-жылы туулган Э.Н.Т., 1991-эылы туулган А.у.А., 1976-жылы туулган Н.Ж.М., 1993-жылы туулган М.З.Я., 1,6 жылдан 6 жылга чейин эркинен ажыратылды:

Аталган уюмдун мүчөлөрү Кыргызстандын жарандарын экстремисттик уюмга мыйзамсыз тартуу үгүттөө менен алектенишкен.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө тыюу салынган көп сандагы экстремисттик адабияттар жана электрондук маалымат каражаттары табылып алынган.

КР УКМК “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” ДЭУсу 2003-жылдын 20-августунда КР Жогорку соту тарабынан экстремисттик уюм деп таанылганын жана Кыргызстандын аймагындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салынганын эске салат

Пикир

Оставить комментарий