• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Өкмөттүн аппаратынын бөлүм башчысы коррупцияга шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.12.20. /Кабар/. Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы "А.А.М." кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК ККК жана Аскер прокуратурасынын мекемелер аралык ыкчам тергөө тобу айрым мамлекеттик органдардын жана өкмөттүн аппаратынын кызмат адамдары тарабынан радиожыштыктарды сатып алуу-сатуу боюнча келишим түзүүдө жана аларды пайдаланууга лицензияны кайра берүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат.

2020-жылдын 15-декабрында аталган иштин алкагында, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде КР өкмөтүнүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы "А.А.М." кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Белгилй кетсек, өкмөттүн расмий сайтында өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы Араев Азамат Муратович экендиги көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий