• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УКМК өкмөттүн аппаратынын мурдагы жетекчиси Нурханбек Момуналиевди суракка алды

Коом 0

Бишкек, 26.03.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Өкмөттүн аппаратынын мурдагы жетекчиси Нурханбек Момуналиевди 22-мартта УКМКда суракка алышкан. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Момуналиев Бишкек ЖЭБдеги котлоагрегаттарды оңдоо жана 2017-2018-жылдагы жылытуу сезонуна карата оңдоо жана даярдык иштери үчүн бөлүнгөн ири суммадагы акча каражатын ээлеп алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында суралган.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын март айынынын башында Момуналиев өз каалоосу менен өкмөттүн аппаратынын жетекчиси кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган.

Пикир

Оставить комментарий