• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгындагы коррупциялык фактылар аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Ош облусу боюнча башкармалыгындагы коррупциялык фактылар аныкталды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ӨКМдин Ош облусундагы Кара-Суу райондук өрткө каршы күрөшүү кызматында курулушту оңдоо иштеринде жасалма келишим түзүү фактысы аныкталды.

Маалым болгондой, тиричилик буюмдарын жана курулуш материалдарын сатып алуу боюнча тендердин жыйынтыгында жалпысынан 576 миң сомго "Тасма-Групп" ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган. Бирок келишим түзүлгөндөн кийин башкармалыктын башчысынын орун “М.Н.” демилгеси менен “Тасма-Групп” ЖЧКсынын директору “А.у.Э.” акча каражатын накталай алып, ортомчулук кызматы үчүн пайыздарды алып салгандан кийин башкармалыктын башчысы “Ш.Н.Ж.” берилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактыларды жашыруу максатында башкармалыктын башчысынын орун басарынын көрсөтмөсү боюнча курулуш-тиричилик материалдарын жасалма кабыл алуу-өткөрүп берүү актыларында далилденген.

Бул иштин материалдарынын негизинде 2021-жылдын 30-ноябрында Ош гарнизондук Аскердик прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери катталган.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий