• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: КМШ өлкөлөрүнүн биринде теракт кылууну пландаган чет өлкөлүк согушкер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кыматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 22-июлунда УКМ терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында, өнөктөш атайын кызматтар менен биргеликте Кыргызстанда диверсиялык аракеттерди уюштуруу максатында келген "Х.А." аттуу чет өлкөлүк согушкердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Чет өлкөлүк жаран айрым КМШ өлкөлөрүнүн террордук жашыруун уюмдары менен туруктуу байланышта болуп, аларга идеологиялык колдоо көрсөтүп, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн биринде террористтик актыга жанкечти ("шахид" деп аталган) террорчу катары катышууну пландаштырганы аныкталды.

УКМК Афганистандагы аскердик-саясий кырдаалга байланыштуу эл аралык террористтик уюмдар террористтерди башка өлкөлөргө жөнөтүү жана ал өлкөлөрдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу максатында террордук иш-аракеттерди уюштуруу аракеттерин көрүп жаткандыгын белгилейт.

“Кырдаалдан пайдаланып деструктивдүү идеологияны жайылтуу үчүн диний экстремисттик уюмдардын активдешүүсү байкалууда. Ушуга байланыштуу, УКМК жарандарды сак болууга чакырат. Эгерде террористтик кылмышка даярдануу белгилери аныкталса, өз убагында ыкчам чара көрүү үчүн тез арада укук коргоо органдарына токтоосуз билдирүүнү өтүнөт”,-деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эл аралык терроризмдин мүчөлөрүн жана колдоочуларын аныктоо жана алардын ишин токтотуу боюнча иш-чараларды улантууда.

Пикир

Оставить комментарий