• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. Кримтөбөл Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 3-октябрында КР УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында, К.Асанбектин уюшулган кылмыштуу тобунун мүчөсү, 1958-жылы туулган «Ф.А.Г.» аттуу Казакстан Республикасынын жараны кармалды.

Кармалган «Ф.А.Г.» буга чейин баңгизат, курал-жарак, каракчылык иштери жана уюшкан кылмыштуу топту түзүү, ошондой эле Казакстанда, Кыргызстанда жана башка КМШ өлкөлөрүнүн аймагында уурдалган кымбат баалуу унааларды сатууну көзөмөлдөө үчүн бир нече жолу соттолгону аныкталды.

«Ф.А.Г.» УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, анын Кыргыз Республикасынын аймагында башка да кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча атайын иш-чараларды улантууда.

Пикир

Оставить комментарий