• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

УКМК: Баткен облусунда контрабандалык иштердин негизги уюштуруучуларынын бири кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Контрабандалык иштердин негизги уюштуруучуларынын бири кармалды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 15-февралында УКМК тарабынан республиканын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүмү ("кызмат адамдарына пара берүү") боюнча Баткен облусунун аймагында контрабандалык иштер менен алектенгендердин бири, Кыргыз Республикасынын жараны Н.Б.А. кармалды.

Аталган жаран кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы аркылуу контрабандалык жүктөрдү ай сайын тоскоолдуксуз алып өтүү үчүн УКМКнын кызматкерине 50 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурда кармалган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий