• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

УКМК: Коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан Жалал-Абаддын тургуну кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.03.20. /Кабар/. Коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүдүздөгү жылдын 23-мартында УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында жалган маалымат тараткан Кыргызстандын жарандары 1982-жылы туулган Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ж.З., аттуу тургуну аныкталган.

"Кармалган жаран социалдык тармактар аркылуу "коронавирус бийликтин саясий оюну" деген маанидеги пост жайгаштырган. Ж.З., менен профилактикалык иш-чаралар өткөрүлгөн соң, ал кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча материалдар Токтогул райондук ИИБ жиберилди.

"Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда. Эскерте кетсек, жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат", - деп баса белгилешти УКМКдан.

Пикир

Оставить комментарий