• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

УКМК: Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан адам аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан адам аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 31-мартында КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында 1983-жылы туулган Ысык-Көл областынын Тоң районунун тургуну Бакашова Айзада Кубатовна аныкталды.

Такталган маалыматтар боюнча, А.Бакашова социалдык тармактар аркылуу Тоң районунда бир адамдан коронавирус табылды деген жалган маалыматтарды тараткан.

Аталган адам менен түшүндүрүү иш-чаралары өткөзүлүп, жыйынтыгында ал кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады. Анын мындай аракеттерине юридикалык баа берилет.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Эскерте кетсек, жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Пикир

Оставить комментарий