• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан адамдар аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан кезектеги адамдар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 7-апрелинде КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында 1989-жылы туулган Т.у.Ч., 1986-жылы туулган А.Т.А., жана 1998-жылы туулган Ж.Т.М, аныкталды.

Алар социалдык тармактар аркылуу коронавирус жана учурдагы карантин режими боюнча чагымчыл маалыматтарды тараткан.

Жогорудагы адамдар менен профилактикалык иш-чаралар өткөзүлгөн соң, алар кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады.

Учурда анын кылган ишине юридикалык баа берүүгө багытталган иш аракеттер жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, коронавирус боюнча республикалык штаб күнү-түнү иштеп, ишеним телефону боюнча бардык суроолорго жооп берүүгө даяр.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Эскерте кетсек, жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Пикир

Оставить комментарий