• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан дагы бир адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.03.20. /Кабар/. Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан дагы бир адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 26-мартында КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында 1979-жылы туулган Ош шаарынын Жапалак айылынын тургуну Ажиев Султангазы Туратбекович кармалды.

С.АжиевЖапалак айылында жергиликтүү эки тургун коронавирус жуктуруп алган деген жалган маалыматты социалдык тармактар аркылуу жайылткан.

Аталган адамга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң, ал кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн элден кечирим сурашты.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети укук коргоо органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Эскерте кетсек, жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Пикир

Оставить комментарий