• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан кезектеги адам аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан кезектеги адам аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

2020-жылдын 29-мартында КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Чүй областынын Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынын тургуну, 1970-жылы туулган Шагеева Татьяна кармалды.

Такталган маалымат боюнча Т.Шагеева социалдык тармактар аркылуу Көк-Жар айылында 50 адамдан коронавирус табылып, аларды алып кетишти деген жалган маалыматтарды тараткан.

Т.Шагеева менен түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү максатында Аламүдүн райондук ИИБ алынып келинди. Жыйынтыгында ал кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады. Анын мындай аракеттерине юридикалык баа берилет.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Эскерте кетсек, жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Пикир

Оставить комментарий