• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.03.20. /Кабар/. Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан жарандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 25-26-мартында КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында 1992-жылы туулган Кара-Балта шаарынын тургуну Русланбеков Эрлан Русланбекович жана 1993-жылы туулган Чүй областынын Жайыл районунун тургуну Сыргабаев Адилет Сыргабаевич кармалды.

Бул жарандар социалдык тармактар аркылуу жергиликтүү райондук жугуштуу оорулар бөлүмүндө коронавирус жуктурган 15 адам жатат деген жалган маалыматтарды таратышкан.

Э.Русланбеков жана А.Сыргабаев менен түшүндүрүү иш-чаралар өткөрүлгөн соң, алар кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурашты.

Бул факты боюнча материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 39- жана 280-беренесинин (Санитардык эпидемиологиялык эрежелерди бузууга аракеттенүү) белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Белгилей кетсек, коронавирус боюнча республикалык штаб күнү-түнү иштеп, 0 (312) 88 16 84 ишеним телефону боюнча бардык суроолорго жооп берүүгө даяр.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Эскерте кетсек, жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Пикир

Оставить комментарий