• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан жарандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 26-мартында КР УКМК ИИМ менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында1964-жылы туулган Баткен областынын Кызыл-бел айылынын тургуну Мурзакаримова Гүлнара Араповна жана 1984-жылы туулган Нарын областынын Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну Жумагулов Эрнист Ишенбаевич кармалды.

Г.Мурзакаримова Баткен областындагы коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу жалган маалыматтарды тараткан. Ал эми Э.Жумагулов социалдык тармактар аркылуу Кочкор районундагы Кочкор санитардык постунда укук коргоо органдары паспортторду текшербестен, 200 сом алып кое берүүдө деген маалыматты тараткан.

Г.Мурзакаримова жана Э.Жумагуловго түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн соң, алар кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурашты.

Учурда алардын кылган ишине юридикалык баа берүүгө багытталган иш аракеттер жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, коронавирус боюнча республикалык штаб күнү-түнү иштеп, 0(312) 88 16 84 ишеним телефону боюнча бардык суроолорго жооп берүүгө даяр.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Эскерте кетсек, жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Пикир

Оставить комментарий