• 84.8
  • 101.16
  • 1.14

УКМК: Коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке 35,8 млн. сом которулду

Коом 0

Бишкек, 18.12.18. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке 35 млн. 849 миң сом которду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндан орду толтурулган акча каражаттарды сактоо жана каттоо үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке бардыгы болуп 193 млн. 602 миң сом которгон.

Пикир

Оставить комментарий