• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке 4,1 млн. сом которулду

Коом 0

Бишкек, 12.10.18. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке 4,1 млн. сом которду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 11-октябрда УКМК экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндан орду толтурулган акча каражаттарды сактоо жана каттоо үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 4,1 млн. сом которгон.

Жалпысынан УКМК бирдиктүү депозиттик эсеп ачылгандан тарта 157 млн. 753 миң. 802 сом которгон.

Пикир

Оставить комментарий