• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Коррупцияга шектелип Финполдун башкармалыгынын башчысы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.03.21. /Кабар/. Коррупция фактысы боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финпол) башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-мартында УКМК ККК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы К.Н. кармалды.

Такталгандай, Финансы полициясынын кызматкерлери, кызматтык абалынан пайдаланып, жарандар менен сүйлөшүп алып, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана ири өлчөмдөгү каражаттарды Кыргыз Республикасынан чыгарып кетүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкан.

Ушул мыйзамсыз иш-аракеттердин натыйжасында 2020-жылдын март айынан октябрь айына чейин Кыргызстандан 59,5 миллиард сом сыртка ошол эле учурда салык төлөөдөн качуу түрүндөгү алдын-ала зыян 500 миллион сомдон ашык болгон.

Алынган маалыматка ылайык, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери аталган мыйзам бузууларды жашырганы үчүн аталган каналдын уюштуруучуларынан 180 миллион сом өлчөмүндө пара алышкан.

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий