• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

УКМК: Коррупцияга шектелип ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Салык кызматынын ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын Бишкек жана Чүй облусу боюнча башкы инспектору кармалганын УКМКдан билдиришти.

Буга чейин айтылгандай, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан коррупцияга каршы кызматтын материалдары боюнча “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын мурунку жетекчилигинин ири суммадагы каражаттарды алып чыгуу менен байланышкан бир катар кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш иши улантылууда.

Иликтөөдө "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызматкерлери, жеткирип берүү боюнча жеке компаниялардын өкүлдөрү, ошондой эле көзөмөлдөө жана текшерүү органдарынын кызматкерлеринин товарларды жеткирүү деген жүйөө менен мамлекеттик ишканадан ири суммадагы каражаттарды алууга багытталган ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган.

“Үстүбүздөгү жылдын 14-августунда Салык кызматынын ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын Бишкек жана Чүй облусу боюнча башкы инспектору А.М., кармалган. Ал "Кыргыз темир жолу" ишканасынын конкурстарына катышкан компаниялар менен байланышта болгон жана белгиленген коррупциялык схеманын иштешинде негизги ролду ойногон”, - деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгүнө (коррупция) шектелип жаткандыгы жөнүндө кабарландв.

2020-жылдын 15-августунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ага камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын колдонот. Тергөө иши жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий