• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

УКМК: Коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөш күчөйт

Коом 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөш күчөйт, - деп билдирет КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

УКМКдан билдиришкендей, КР Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин бийлик УКТ менен макулдашып алышы мүмкүн деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт жана ага негиз жок.

«УКМК коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөштү активдүү улантып жатат. Бардык иш-чаралар мыйзамдын чегинде өткөрүлөт. Мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды демонтаждоо, келтирилген зыянды мамлекетке кайтаруу жана кылмыштуу көрүнүштөрдү жок кылуу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. УКМК коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтөт», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий