• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

УКМК: КР куралдуу күчтөрдүн, атайын кызматтардын жана укук коргоо органдарынын жетекчилери менен кеңешме болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. Бүгүн, 8-октябрь күнү УКМКнын жыйын залында КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу, күч органдарынын жана укук коргоо органдарынын координатору Өмүрбек Суваналиевдин төрагалыгында астында жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Иш-чарага УКМК, Мамлекеттик коргоо комитетинин, Башкы штабдын, Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын, Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министригинин жетекчилери жана Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы катышкан.

Жыйында өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу, мамлекетти жана коомчулукту, ошондой эле жеке адамдардын коопсуздугун коргоо жана Куралдуу Күчтөрдүн, атайын кызматтын жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн бириктирүү зарылдыгы боюнча маселелер талкууланган. Аны менен бирге Кыргыз Республикасында орун алган коркунучтарга жана чакырыктарга өз убагында чара көрүү жана мамлекеттик башкаруу тутумун мыйзамдуу жолго кайтаруу чаралары каралган. Суваналиевдин Кыргыз Республикасындагы кырдаал жөнүндө маалыматын угуп, жыйынга катышкандар тарабынан «2020-жылдын 5-октябрындагы болгон окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасында коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу чаралары жөнүндө» протокол кабыл алынган.

Ал протокол 12 пункттан турат, анда коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуудагы негизги артыкчылыктар көрсөтүлгөн:

1. Кыргыз Республикасынын бардык күч түзүмдөрү өлкөдө туруктуулукту камсыз кылуу кызыкчылыгында аң-сезимдүүлүктү көрсөтүүгө жана биригүүгө тийиш.
2. Өздүк курамдын моралдык-психологиялык абалын жакшыртуу боюнча зарыл чаралар көрүлсүн. Өздүк курамдын өмүрүн жана ден соолугун, ошондой эле куралдын, ок-дарылардын, аскердик, атайын жана башка техниканын жана мүлктүн сакталышын камсыз кылсын.
3. Бардык деңгээлдерде, анын ичинде ыктыярдуу элдик кошуундарды тартуу менен так жана ар тараптуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылсын. Туруксуздуктун мүмкүн болуучу очокторунун райондорунда функцияларын, тапшырмаларын, ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилик зоналарын так чектөө менен атайын иш-чараларды өткөрүүдө бирдей биргелешкен планды иштеп чыксын жана кабыл алсын.
4. Өлкөдө криминогендик абалдын начарлап кетишине жол бербөө, ошондой эле республикада ар кандай саясий күчтөргө криминалитеттин таасир тийгизүү аракеттерине, мамлекеттик бийликтин органдарынын ишин туруксуздаштырууга жана моралдык жактан бузуусуна катуу бөгөт койсун. Криминалдык элементтердин жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишин жоюу боюнча, анын ичинде мыйзамсыз сакталуудагы куралдарды жана ок-дарыларды кайтарып алуу боюнча активдүү иш-аракеттерди жүргүзсүн. Пенитенциардык системанын мекемелеринде абалды туруксуздаштырууга жол бербөө жана криминалдык элементтердин атайын контингентке сырттан таасир тийгизүүсүнө болтурбоо боюнча чараларды көрсүн.
5. Стратегиялык жана башка маанилүү объекттерди күчөтүлгөн кайтарууга алсын, ошондой эле мамлекеттик жана жеке менчиктеги объекттердин корголуусун камсыз кылсын.
6. Бузуку күчтөр тарабынан өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруунун бардык аракеттерин, анын ичинде региондор аралык жана этностор аралык негиздеги провокациялык аракеттерди, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жеке менчиктин объекттеринин ишине тоскоолдук кылууну, ар кандай объекттерди өз алдынча басып алууну ыкчам жана катуу тартипте алдын алсын.
7. Ведомстволук басма сөз кызматтарынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, Интернет-ресурстарда, Жалпыга маалымдоо каражаттарында, мобилдик байланыш операторлору аркылуу адамдардын массалык топтолгон жерлерде региондор аралык араздашууну, сепаратистик жана улутчулдук көрүнүштөрдү, мародерлукка жана талап-тоноочулукка чакырыктарды козуткан жарыялардын таралуу фактыларына ыкчам жооп кайтарсын.
8. Өткөрмө пункттарынан тышкары чек араны мыйзамсыз бузуп өтүүнүн кандай болбосун аракеттерин болтурбоо максатында, чек аранын өтө аялуу участкаларында кайтарууну күчөтсүн. Мамлекеттик чек аранын өткөрмө пункттарында тиешелүү контролду камсыз кылсын. Курал-жарактын, ок-дарылардын, жарылуучу заттардын, баңгизаттардын контрабандасын, террористтик топтордун жана бандалык түзүлүштөрдүн Кыргыз Республикасынын аймагына кирип кетүүсүн аныктоого, алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган чараларды ишке ашырсын.
9. Укук коргоо органдары жарандардын, анын ичинде мыйзамга каршы келген иштерди жасоого катышкан кызмат адамдарынын өлкөдөн чыгуусун мыйзамдарда белгиленген тартипте токтотсун.
10. Коомдук тартипти сактоо боюнча координациялык роль Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөлсүн.
11. Куралдуу Күчтөр жана укук коргоо органдары саясаттан тышкары болот, саясий партиялардын жана башка кызыкчылыктагы топтордун куралы болуп саналбайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, милдеттерди, анын ичинде улуттук коопсуздукту жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн камсыз кылууга багытталган тапшырмаларды аткарууга тийиш.
12. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, атайын кызматтары жана Куралдуу Күчтөрү ар бир кыргызстандык жарандын кызыкчылыктарында республиканын бардык саясий күчтөрүнөн сүйлөшүүлөргө келүүсүн жана өлкөнү мыйзамдуулук жана коомдук туруктуулук багытына алып келүүнү талап кылат.

Пикир

Оставить комментарий