• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК КРда теракт пландаган адам кармалгандыгы тууралуу билдирет

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.10.17 /Кабар/. УКМК кызматкерлери тарабынан эл аралык террордук уюмдун мүчөсү 31 жаштагы Кыргызстандын жараны А.Н., кармалды.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, кармалган адам 2015-жылдан тарта террордук уюмдардын катарында болуп, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуштук аракеттерине катышкан. Башчыларынын көрсөтмөсүндө ал жашыруун террордук уюм түзүп, республиканын аймагында теракттарды жасоо үчүн Кыргызстанга келген.

Кармалган УКМК тергөө абагына камалды. Тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий