• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: КРнын аймагына бажы төлөмү төлөнбөй киргизилген унаалар аныкталды

Коом 0

Бишкек, 10.08.18 /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Кыргызстандын аймагына бажы төлөмү төлөнбөстөн алынып келинген Lexus, Volvo жана Toyota-Camry үлгүсүндөгү унааларды кармашты.

Унаалар буга чейин бир нече беренелер боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган.

Андан соң аталган автотранспорт каражаттары Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарында катталган.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, аталган унааларды мыйзамсыз алып келүүнүн зыяны 3,5 миллион сомду түзгөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө республикалык бюджеттин кирешесине 1 миллион 388 миң сом төлөнгөн.

Учурда ушул сыяктуу фактыларды аныктоо, автотранспорт каражаттарын Кыргызстандын аймагында мыйзамдаштыруу жана Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлеринин автотранспорт каражаттарын каттоодо мыйзамсыз каттоого байланышкан коррупция схемаларына катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий