• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: КСДП фракциясынын мурдагы депутаты эки айга камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. Талас шаардык кеңешинин КСДП фракциясынан мурдагы депутаты эки айга камакка алынды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө “Алдамчылык” беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, издөөдө жүргөн Талас шаардык кеңешинин КСДП фракциясынын экс-депутаты кармалды.

Тактап айтканда, аталган депутат 2017-жылы алдамчылык жолу менен чет элдик инвесторлордон 7 миллион сомдон ашык суммадагы материалдык мүлктү жана каражаттарды тартып алганы аныкталган. Жыйынтыгында ал Ички иштер министрлиги тарабынан издөөдө жүргөн.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту аталган депутатка 2021-жылдын 18-октябрына чейин УКМК тергөө камак жайында кармоо түрүндө баш коргоо чарасын карады.

Пикир

Оставить комментарий