• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Кулматовдун мүлкү камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.05.18. /Кабар/. Бишкектин экс-мэри жана Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовдун мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, мүлктү камакка алуу ага карата козголгон кылмыш иштин алкагында жүргүзүлүүдө.

Иликтөөдө такталгандай, 2014-жылы К.Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорунун алкагында TBEA компаниясы тарабынан аймактарда эки мектеп куруу үчүн берген 2 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү гранттык каражатты Калыс-Ордо жаңы конушунда мектеп куруу зарылдыгын шылтоолоп, көрсөтүлгөн каражатты КР Өкмөтүнүн карамагынан мэриянын карамагына багыттаган.

Ошентип, Кулматов “Альто Групп” ЖЧКнын жетекчилери менен сынактан тышкары келишим түзүп, Кытай компаниясы менен түздөн-түз жеке компаниянын эсебине 1 млн АКШ долларын которгонго жетишкен. Ошондой эле, Калыс Ордодогу мектептин курулушу үчүн шаардык бюджеттен кошумча 100 млн сом бөлүнгөн.

Учурда жеке жалданма компаниясынын жетекчилеринин бири кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий